Британиядан Криштиану Роналдуга жаза

Британиянын футбол ассоциациясы Роналдуга 2 беттешке тыюу салып, 50 миң фунт стерлинг айып пул салды.

1910395
Британиядан Криштиану Роналдуга жаза

Белгилүү португалиялык футболчу Криштиану Роналду апрель айындагы матчтан кийин аны видеого тартып жаткан күйөрманынын телефонун сындырып салганы үчүн жаза алды.

Британиянын футбол ассоциациясы Роналдуга 2 беттешке тыюу салып, 50 миң фунт стерлинг айып пул салды.

Бул окуя апрель айында ойнолгон Манчестер Юнайтед Эвертонго 1-0 эсебинде утулуп калган матчтан кийин болгон.

Роналду кийим алмаштыруучу жайга баратканда аны видеого тартып жаткан 14 жаштагы Жейк Хардинг аттуу баланын колундагы телефонду алып жерге ыргыткан жана телефону сынып калган.

Реакциялардан кийин Роналду социалдык тармактагы баракчасынан бул мамилеси үчүн кечирим сурап, Хардингди матчка чакырган эле.



Тектеш кабарлар