La Gazzetta dello Sport гезити Арда Гүлер тууралуу жазды

"Мындай нерсе миллион жылда бир келет"

1904593
La Gazzetta dello Sport гезити Арда Гүлер тууралуу жазды

La Gazzetta dello Sport гезити Фенербахченин 17 жаштагы жылдызы Арда Гүлер тууралуу :  "Мындай нерсе миллион жылда бир келет",- деп жазды. Арда Фенербахчеде ойногон оюну менен бүткүл дүйнөнүн көңүлүн бурду.

Акыркы жолу Фенербахченин УЕФА Европа лигасында Динамо Киев менен ойногон оюнда 1 гол киргизип, 1 ассист берген жаш жылдыздан Италиянын басма сөзү да мактоо менен сөз кылды.

La Gazzetta dello Sportтун кабарында жаш футболчунун Серхат Пекмезчи тарабынан байкалып, мезгилдин спорт директору Дамиен Комоллиге берилген отчетке чейин кенен  маалыматка орун берилди.

Бир тараптан гезит, Арда Гүлер үчүн Бавария Мюнхен, Ливерпуль жана Арсенал сыяктуу командалардын жакында кадам таштай турганын билдирген.

 



Тектеш кабарлар