Түркиянын улуттук балбандары Сербиядан 7 медаль менен кайтышты

Командалык рейтингде Венгрия 155 балл менен биринчи, Түркия 148 балл менен экинчи, Сербия 124 балл менен үчүнчү болду.

1867580
Түркиянын улуттук балбандары Сербиядан 7 медаль менен кайтышты

Түркиянын Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Сербияда өткөн турнирде 4ү алтын болгон 7 медаль жеңип алды.

Младенвац шаарында өткөрүлгөн Любомир Иванович Гедзаны эскерүү турниринде күч сынашкан улуттук курама команда 4 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медалга ээ болду.

Улуттук балбандар Экрем Өзтүрк (55 килограмм), Керем Камал (63 килограмм), Селчук Жан (72 килограмм) жана Фатих Бозкурт (130 килограмм) алтын, Метехан Башар (97 килограмм) күмүш, Ахмет Уяр (63 килограмм) жана Мурат Фырат (67 килограмм) салмакта коло медалга ээ болду.

Командалык рейтингде Венгрия 155 балл менен биринчи, Түркия 148 балл менен экинчи, Сербия 124 балл менен үчүнчү болду.



Тектеш кабарлар