Орусиялык сууда сүзүүчүгө жаза

Эл аралык сууда сүзүү федерациясы (FINA) Рыловдун 9 айга FINA иш-чараларына катышуудан четтетилгенин жарыялады.

1816495
Орусиялык сууда сүзүүчүгө жаза

Олимпиада чемпиону орусиялык сууда сүзүүчү Евгений Рылов Орусиянын Украинага аскерий кийлигишүүсүн колдоо митингине катышканы үчүн 9 ай бою эл аралык мелдештерге катыша албайт.

Эл аралык сууда сүзүү федерациясы (FINA) Рыловдун 9 айга FINA иш-чараларына катышуудан четтетилгенин жарыялады.

Билдирүүдө орусиялык жана беларусиялык спортчулар менен жетекчилеринин 2022-жылдын аягына чейин эч кандай FINA иш-чараларына чакырылбай турганы эскертилди.

25 жаштагы Рылов орус президенти Владимир Путиндин мартта Москвадагы Лужники стадионунда өткөн митингине катышкан бир нече спортчулардын арасында болчу. Митингге катышкан спортчулардын кийимдеринде согушту жактаган «Z» тамгасы бар эле. 

Орусиялык сууда сүзүүчү былтыр жайда Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында 100 жана 200 метр аралыкка сүзүү боюнча алтын медалга ээ болгон.



Тектеш кабарлар