Микдат Севлер жарым финалга өттү

Түркия атлетика федерациясынын билдирүүсүнө караганда Сербиянын борбор шаары Белградда өткөрүлгөн чемпионаттын акыркы күнүндө Микдат Севлер 60 метрге тоскоолдуктардан аттап чуркоодо жарышты.

1798627
Микдат Севлер жарым финалга өттү

Жабык имараттагы атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионатта эркектер арасында 60 метр тоскоолдуктан аттап чуркоодо Түркияны өкүлдүк кылган улуттук спортчу Микдат Севлер жарым финалга өттү.

Түркия атлетика федерациясынын билдирүүсүнө караганда Сербиянын борбор шаары Белградда өткөрүлгөн чемпионаттын акыркы күнүндө Микдат Севлер 60 метрге тоскоолдуктардан аттап чуркоодо жарышты.

Үчүнчү квалификация сериясында биринчи катарда жарышкан Микдат 7.70 көрсөткүчү менен чуркап, Түркиянын чоңдор арасындагы рекордун секунданын жүздөн бирине жакшыртты.

Серияда төртүнчү болгон Микдат квалификация сериясында алдыңкы үчтүктүн сыртында эң ылдам атлеттердин бири болуп, жарым финалда өзүнүн изин калтырды.

24 жаштагы улуттук спортчу Микдат Севлер бүгүн саат 19.05те жарым финалда жарышат.



Тектеш кабарлар