Ярмаленко Россиянын футболчуларына чакыруу салды

Британиянын  Премьер  - Лигасында "Вест Хэм Юнайтед" клубунда ойногон 32 жаштагы Ярмоленко Россиянын өлкөсүнө аскердик кийлигишүүсүнөн кийин Украина армиясына 75 миң фунт стерлинг берди.

1788429
Ярмаленко Россиянын футболчуларына чакыруу салды

Украинанын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Андрей Ярмоленко орус футболчуларды Россиянын Украинага аскердик кийлигишүүсүнө  каршылык көрсөтүүгө  чакырды.

Тажрыйбалуу футболчу соцтармактан жарыялаган видеодо : "Россиялык футболчуларга суроом бар. Эмне себептен эч нресе кылбастан, эч нерсе айтпастан отурасыңар? Менин өлкөмдө орустар адамдарды өлтүрүп жатат, аялдар, энелер, балдар өлтүрүлүүдө. Бирок силер эч нерсе айтпастан отурасңар. Көпчүлүгүңөрдүн оюн билемин. Владимир Путиндин жаңылыштык кылганын мага айттыңар. Эмне себептен чыгып ачык айтпайсыңар?",- деди. 

Британиянын  Премьер  - Лигасында "Вест Хэм Юнайтед" клубунда ойногон 32 жаштагы Ярмоленко Россиянын өлкөсүнө аскердик кийлигишүүсүнөн кийин Украина армиясына 75 миң фунт стерлинг берди. 

 



Тектеш кабарлар