ФИФАдан Орусияга жаман кабар...
ФИФА менен УЕФА чара көрүштү.
УЕФА Ориянын бардык клубдары жана улуттук командаларынын кийинки эскертүүгө чейин ФИФА жана УЕФА мелдештерине катышуудан четтетилерин жарыялады.
Эл аралык Олимпиада комитети орусиялык жана белоруссиялык спортчулар менен жетекчилерди эл аралык иш-чараларга чакырбоого жана аларды катыштырбоого чакыргандан кийин ФИФА менен УЕФА чара көрүштү.
ФИФА менен УЕФАнын биргелешкен билдирүүсүнө караганда, Орусиянын Украинага аскерий кийлигишүүсүнүн себебинен кошумча чара көрүүгө чечим чыгарган ФИФА Кеңеши жана УЕФАнын Аткаруу кеңеши бул чечимдин экинчи жарыяга чейин күчүндө болорун билдиришти.
Эки уюмдун жетекчилери Украинадагы кырдаал тездик менен жакшырып, ушундайча футбол кайрадан эл арасында биримдиктин жана тынчтыктын алып жүрүүчүсү боло аларын үмүт кылгандарын маалымдашты.