Анадолу Эфес ЦСКА Москваны кошумча убакытта жеңди

Түркиянын баскетбол боюнча Анадолу Эфес командасы THY Европа Лигасынын 24-жумасында орус командасы ЦСКА Москваны атаандаш талаасында 99-97 эсебинде жеңди.

1772871
Анадолу Эфес ЦСКА Москваны кошумча убакытта жеңди

Түркиянын баскетбол боюнча Анадолу Эфес командасы THY Европа Лигасынын 24-жумасында нормалдуу убактысы 86-86 менен аяктаган матчта орус командасы ЦСКА Москваны атаандаш талаасында 99-97 эсебинде жеңди.

Анадолу Эфестин четтетилген башкы машыктыруучусу Эргин Атаман капталдан орун ала албаса дагы өкүлүбүз биринчи чейректи 23-16 эсебинде алдыда бүтүрдү.

Экинчи чейректе орус командасы дагы эффективдүү көрүнгөнү менен, Анадолу Эфес биринчи жарымды 44-41 эсебинде артыкчылык менен аяктады.

Экинчи жарымга үй ээси ЦСКА Москва жакшы баштады.

Алгач үстү-үстүнө тапкан упайлары менен айырманы жапкан Орусия командасы андан кийин алдыга чыгып, фиандык чейрекке 64-57 менен кирди.

Чоң таймаш болгон беттештин негизги убактысы 86-86 эсеби менен аяктады.

Кошумча убакытка кеткен беттеште Анадолу Эфес 99-97 эсебинде жеңишке жетти.

Бул жыйынтык менен кочкул көк-ак түстүү өкүлүбүз быйылкы сезондо 11-жеңишине жетишти.

Орусия курамасы болсо 9-ирет аренадан жеңилүү менен чыкты.

Анадолу Эфестин оюнчусу Шейн Ларкин 26 упай менен оюндун бомбардири болсо, Бобуа 22 упай менен жеңишке олуттуу салым кошту.

Сезондун биринчи жарымында Стамбулда ойнолгон беттешүүдө ЦСКА Москва 100-96 эсебинде жеңишке жетишкен.



Тектеш кабарлар