Улуттук каратэчилердин Дүйнөлүк чемпионаттагы тарыхый ийгилиги

Түркиянын Каратэ федерациясынын билдирүүсүнө караганда Дубайдагы Хамдан спорт комплексинде уланып жаткан чемпионаттын бешинчи күнүндө Түркия эки коло медалга ээ болду.

1736528
Улуттук каратэчилердин Дүйнөлүк чемпионаттагы тарыхый ийгилиги

Бириккен Араб Эмирликтеринде уланып жаткан мелдеште Али Софуоглу, Эмре Вефа Гөкташ жана Энес Өздемирден турган Эркек Ката улуттук курама командасы дүйнө үчүнчүсү болуп бул категорияда тарыхында биринчи медалды алды.

Түркиянын Каратэ федерациясынын билдирүүсүнө караганда Дубайдагы Хамдан спорт комплексинде уланып жаткан чемпионаттын бешинчи күнүндө Түркия эки коло медалга ээ болду.

Эркектер улуттук ката командасы Түркияга дүйнөлүк чемпионаттар тарыхында биринчи «командалык ката» медалын алса, эркектер арасында Али Софуоглу дагы үч жыл мурункудай үчүнчү орунду алды.

Али Софуоглу, Эмре Вефа Гөкташ жана Энес Өздемирден турган Эркек Ката улуттук курама командасы үчүнчү орун үчүн болгон беттеште калыстардан 25,22 балл алган Францияны артта калтырып, 26,16 балл менен Түркияга бул категориядагы биринчи медалды алып келди.

Улуттук каратэчилер май айында Порец шаарында өткөн Европа чемпионатында алтын медалга ээ болуу менен биринчиликке жетишкен.

Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлгөн 2018-жылы каратэ боюнча дүйнөлүк чемпионатта эркектер арасында катада үчүнчү болгон Али Софуоглу ошол эле ийгиликти Дубайда да кайталады.

Үчүнчү орун үчүн беттеште швейцариялык Юки Ужихарага каршы 26,92 балл алган Софуоглу 25,6 балл алган атаандашын артта калтырды.

Эркектер арасында 75 килограммга чейинки кумитеде Эрен Аккурт америкалык атаандашы Томас Скотко 5-2 эсебинде жеңилип, мелдешти бешинчи орун менен бүтүрдү.



Тектеш кабарлар