Мете Газоз NHK телкөрсөтүүсүндө

Япониянын Nihon Housou Kyoukai  NHK коомдук теле берүүсү түрк жаа атуу жана олимпиадаларда жаа атуу боюнча алтын медалдын ээси болгон Мете Газоз туралуу кабар жарыялады.

1719631
Мете Газоз NHK телкөрсөтүүсүндө

Япониянын Nihon Housou Kyoukai  NHK коомдук телекөрсөтүүсү түрк жаа атуу жана олимпиадаларда жаа атуу боюнча алтын медалдын ээси болгон Мете Газоз туралуу кабар жарыялады.

NHK түрк жаачылыгынын тарыхый өнүгүшү менен Токио 2020  Олимпиадаларында алтын медалдын ээси болгон Газоз тууралуу атайын кабар даярдады.

Мете Газоздун Токио 2020 Олимпиадасындагы жаа атууларына орун берилген берүүдө, 22 жаштагы улуттук жаачы жетишкен алтын медалдын Түркия жаачылык тарыхындагы биринчи медаль экендиги баса белгиленди.

Кабарда ушул айда Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглунун катышуусу менен Япониянын Анкара элчилигинде өткөрүлгөн "Майрамдык кабыл алуунун" сүрөттөрүнө да орун берилди.

NHKнын Стамбулдагы бюросунун өкүлү менен сүйлөшкөн жана жаа атууну "ата - бабадан калган спорт" катары сыпаттаган Газоз : «Түрктөр менен жаачылык ар дайым бир бүтүн болуп келген»,- деп  2024 – жылы боло турган  Париж Олимпиадасын максаттап жатканын айтты.

Стамбулдагы Жаачылар фондунда жаа атуу боюнча машыгуулардан  кадрларга да орун берилген кабарда : "Мете Газоздун ийгилигинен кийин жаа атууну үйрөнүүнү каалагандардын саны эки эсеге көбөйдү",- деп айтылды.

Машыгууларга катышкандар маектеринде : «Мете Газоздун ийгилигинен улам кубанчтамын», «Мен да олимпиадаларга катышып медалга жетишүүнү каалаймын»,- дешти.



Тектеш кабарлар