Эркектердин коляскадагы майыптар баскетбол командасы чейрек финалда

Улуттук курама команда тайпасында Түштүк Корея менен Канададан кийин Мусашино токой спорт залында ойногон беттеште Колумбияны да жеңди.

1699111
Эркектердин коляскадагы майыптар баскетбол командасы чейрек финалда

Токио- 2020 Паралимпиадалык оюндарында эркектердин коляскадагы майыптар баскетболунун А тайпасында орун алган Түркия, төртүнчү беттешинде Колумбияны 80-38 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыгууга кепилдик алды.

Улуттук курама команда тайпасында Түштүк Корея менен Канададан кийин Мусашино токой спорт залында ойногон беттеште Колумбияны да жеңди.

Бир гана жеңилүүсү Испания менен болгон беттеште болгон ай жылдыздуу команда, тайпадагы акыркы беттешке чейин чейрек финалга чыгуу кепилдигин алууга жетишти.

Түркия тайпадагы акыркы беттешинде эртең Түркия убактысы боюнча саат 08: 45те үй ээси Япония менен беттешет.

Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу улуттук команданын беттешин жеринде байкады.

Касапоглу тайпада акыркы беттеш алдында чейрек финалга чыгууну камсыздаган улуттук спортчуларды жыйынтыктары үчүн куттуктап, кийинки беттештер үчүн ийгилик каалоолорун билдирди.



Тектеш кабарлар