Түркия Көркөм гимнастика боюнча эркектердин Европа чемпионатында 6 медалга ээ болду

Мерсинде өткөн Көркөм гимнастика боюнча эркектер арасындагы Европа чемпионатында мелдештин акыркы күнүндө, жаштар категориясындагы спортчулар жабдыктарда ойноонун финалында Европа чемпиону болуу үчүн күч сынашты.

1544638
Түркия Көркөм гимнастика боюнча эркектердин Европа чемпионатында 6 медалга ээ болду
Avrupa Erkekler Artistik Cimnastik Şampiyonası.jpg
Avrupa Erkekler Artistik Cimnastik Şampiyonası.jpg
Bora Tarhan.jpg
Mert Efe Kılıcer.jpg

Улуттук спортчулар Көркөм гимнастика боюнча эркектер арасында Европа чемпионатында 6 медалга ээ болушту.

Көркөм гимнастика боюнча Европа чемпионатынын  жаштар категориясында улуттук спортчу Мерт Эфе Кылычер күмүш жана коло медалдарды жеңип алса, Бора Тархан шакек жана секирүү столунда коло, Ферхат Арыжан коло, Ибрахим Чолак алтын медалга ээ болушту.

Мерсинде өткөн Көркөм гимнастика боюнча эркектер арасындагы Европа чемпионатында мелдештин акыркы күнүндө, жаштар категориясындагы спортчулар жабдыктарда ойноонун финалында Европа чемпиону болуу үчүн күч сынашты.

Спортчулар жер жабдыктары, шакек, турник, параллель таяк, кармагычтуу ат жана секирүүчү столдо өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Мерт Эфе Кылычер турниктеги көрсөткүчү менен алган 12 миң 933 упай менен Европа экинчиси болуп күмүш медалга ээ болду.

Ошондой эле жаш спортчу параллелдүү таяк аспапта коло медалга ээ болуп, 13,266 упай топтоо менен 3-орунга ээ болду.

Ал эми Бора Тархан коло медалды шакек куралы боюнча 13 миң упай менен Европада үчүнчүсү болуп, коло медалга ээ болду.

Жаш спортчу секирүү столундагы көрсөткүчү менен 14.016 упай топтоп, үчүнчү орунду ээлеп, экинчи коло медалын жеңип алды.

Чемпионатта улуттук спортчу Ферхат Арыжан да кармагычтуу атта коло медалга ээ болду.

Улуттук спортчу Ибрахим Чолак шакек куралында алтын медалга ээ болду.

Финалдык оюндардын жыйынтыгы төмөнкүдөй:

Жер жабдыктары

1. Гитис Часазыровас (Литва) - 13 миң 733 упай

2. Иван Севрук (Украина) - 13,466 упай

3. Ботонд Молнар (Венгрия) - 13,400 упай

 

Кармагычтуу ат (Pommel horse)

1. Иллия Ковтун (Украина) - 14 миң 233 упай

2. Эял Ингид (Израиль) - 13 миң 366 упай

2. Гитис Часазыровас (Литва) - 13 миң 366 упай

 

Шакек

1. Иллия Ковтун (Украина) - 13 266 упай

2. Владимир Костюк (Украина) - 13 миң 166

3. Бора Тархан (Түркия) - 13 миң упай

 

Секирүү столу

1. Габриэль Буртанете (Румыния) - 14 миң 283 упай

2. Иллия Ковтун (Украина) - 14 миң 033 упай

3. Бора Тархан (Түркия) - 14 миң 016 упай

 

Параллель таяк

1. Иллия Ковтун (Украина) - 14,600 упай

2. Мыкыта Мельников (Украина) - 13 миң 666 упай

3. Мерт Эфе Кылычер (Түркия) - 13 миң 266 упай

 

Турник

1. Криштиан Балазс (Венгрия) - 13 миң 366 упай

2. Мерт Эфе Кылычер (Түркия) - 12 миң 933 упай

3. Владимир Костюк (Украина) - 12,900 упай



Тектеш кабарлар