Шахматта 23-апрель иш-чарасы
«Түркия үчүн шахмат» акциясы уюштурулат.
1399053
Түркиянын шахмат федерациясы, 23-апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамынан улам «Түркия үчүн шахмат» акциясын баштады.
Федерациянын билдирүүсүндө, бул акциянын санариптик чөйрөдө «Түркия үчүн барбыз, шахмат үчүн барбыз» урааны менен уюштурула тургандыгы белгиленди.
Билдирүүдө: «Акциябызда ар ким эң көп бир мүнөттүк видеолорду тартып федерациябызга жөнөтөт жана өз социалдык медиа баракчаларынан да бөлүшөт. Видеодо акцияга катышкандар Түркия жана 23-апрелге карата көз-караштарын эки же үч сүйлөм менен түшүндүршөт» делди.