Реал Мадрид айлык маяналарды кыскартат
Клубдун коммерциялык иш чараларынын кээ бирлери да токтотулду.
1394382
Реал Мадрид клубу футбол жана баскетбол А командаларындагы спортчулар, тренерлер жана кызматкерлеринин айлык маяналарын 2019 – 2020 сезонунун акырына чейин 10 – 20 пайыздын арасында төмөндөтүү үчүн келишим түзүлгөндүгүн билдирди.
Клубдун коммерциялык иш чараларынын кээ бирлери да токтотулду.
Барселона менен Атлетико Мадрид да кыска убакыт мурда А командаларындагы футболчулардын жана тренерлердин айлык маяналарында кыскартуу чечимин чыгарды.
Өзгөчө Испанияда 1 – 2 – лига клубдарынан сегизи «Жумуш менен камсыз кылууну убактылуу жөнгө салууну» билдирип, кээ бир кызматкерлерин акысыз өргүүгө чыгарган..