Коронавирустун себебинен спорттук иш-чаралар токтотулду
Иранда бардык спорттук иш-чаралардын жоюлгандыгы билдирилди.
1376792
Иранда өлүмгө алып келген жаңы типтеги коронавирустун себебинен 20-апрелге чейин бардык спорттук иш-чаралар жоюлду.
Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, Ирандын Коронавирус комиссиясы менен Спорт жана жаштар министрлигинин биргелешкен чечимине ылайык 1-Футбол лигасы менен бирге бардык спорттук иш-чаралар токтотулду.
Иранда алгач 19-февралда Кум шаарында аныкталган коронавирустан ушул учурга чейин 354 киши каза болуп, вирусту жуктургандардын саны 9 миңден ашты.