Федерердин 2020-жылдагы максаттары
Федерер Түштүк Африкага барды.
1326305
Атактуу теннисчи Рожер Федерер менен Рафаэль Надаль, түштүк африкалык балдардын билим алуусуна колдоо көрсөтүү үчүн жардам беттешүүсүнө чыгат.
Февраль айындагы иш-чаранын алдында Федерер бул өлкөгө барды.
Рожер Федерер Кейптаунда берген маалыматында 2020-жылдагы максаттарын жарыялады.
Тажрыйбалуу теннисчи: «Курамабыз менен бирге жаңы стратегия түзүп катуу даярданып 4 Grand Slam турниринде биринчиликти алышыбыз керек»,-деди.
Швейцариялык теннисчи ошондой эле 2020-жылкы Токио Олимпиада оюндарында алтын медалга ээ болгусу келгенин айтты.