Месут ойногон Арсенал жеңишке болгон сагынычын жазды
Англиянын Премьер лигасынын 16-аптадагы оюнунда Арсенал атаандаш талаасында Вест Хэм Юнайтедди 3-1 эсебинде утту.
1321181
Англиянын Премьер лигасынын 16-аптадагы оюнунда Арсенал атаандаш талаасында Вест Хэм Юнайтедди 3-1 эсебинде утуп, лигада 7 жалпы 9 оюндан кийин жеңишке жетишти.
Лондондогу Олимпиада стадионунда болгон беттешүүнүн биринчи жарымында Вест Хэм Юнайтед 38-мүнөттө Огбоннанын киргизген голу менен 1-0 алдыга өттү.
Оюндун экинчи таймында 60 жана 69-мүнөттөр аралыгында Мартинелли, Пепе жана Обамеянг менен удаама-удаа үч голго ээ болгон Арсенал жаңы менеджери Люнберг башкаруусунда алгачкы жеңишине жетишкен болду.
Бул жыйынтык менен Арсеналдын упайы 22, Вест Хэм Юнайтеддин упайы 16 болду.
Арсеналда түрк тектүү немис жылдызы Месут Өзил 90 мүнөт ойноду.