Түркияда ийгиликтүү спортчуларга стипендия берилет

Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу, Министрлигинин 2020-жылдын бюджети сүйлөшүлгөн Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) План жана бюджет комиссиясында эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып бул маалыматтарды берди.

1306003
Түркияда ийгиликтүү спортчуларга стипендия берилет

Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу, ийгиликтүү спортчуларга фонд университеттеринин стипендия бере турганын белгилеп, «Буюрса алдыбыздагы аптада 25 фонд университети менен 100 пайыздык спорт стипендиясына кол коебуз. Ийгиликтүү спортчуларга фонд университеттерибиз стипендия берет. Мамлекеттик университтер, жеке менчик лицейлер тууралуу иштер бар. Бул темаларда да бир топ илгерилөөдөбүз»,-деди.

Министрлигинин 2020-жылдын бюджети сүйлөшүлгөн Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) План жана бюджет комиссиясында эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берген Касапоглу, акыркы мезгилдерде бир топ талда улуттук спортчулардын ийгиликтүү натыйжаларга жетишкенине көңүл буруп, «Ийгиликтер капыстан болгон жок. Атлетика, гимнастика жана башка талдарда жолдошторубуздун бизди сыймыктандыруусу буюрса уланат. Бардык талда эң биринчилик үчүн жарышабыз»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар