Газиантепспордун акыркы мүнөттөрдө киргизген голу...
Газиантеп ФК атаандаш талаасында МКЕ Анкарагүжү менен беттешти.
Спор тото супер лигасында 10-аптанын акыркы беттешүүсүндө Газиантеп ФК атаандаш талаасында МКЕ Анкарагүжүн 90+3 кошумча мөөнөтүндө киргизген голу менен 2-1 эсебинде утуп алды.
Эряман стадионунда болгон беттешүүдө конок команда Газиантепспор оюнда алдыга өткөн тарап болду.
30-мүнөттө Паздандын жаза аянтынан топту кол менен тосуп алышын калыс Умут Мелер пенальти деп эсептеди.
Пенальтиден топту тепкен Твумаси аны дарбазага кигизди жана командасын 1-0 алдыга чыгарды.
Оюндун биринчи таймы конок команданын жеңиши менен аяктады.
Кожоюн Анкарагүжү Газиантептин голуна 67-мүнөттө тажрыйбалуу голчусу Илхан Парлак менен жооп кайтарды.
Оюндун кошумча мүнөттөрүндө Газиантепте Папи Жилобожи өзүн көрсөттү жана топту атаандаш дарбазага киргизди.
Беттешүү Газиантептин 2-1 эсебинде жеңиши менен ааяктады.
Бул жыйынтык менен Анкарагүжүнүн упайы 9да калса, Газиантеп упайын 15ке жогорулатты.