Супер лиганын жылдыздары Этноспорт оюндарында...

16 өлкөдөн миң чакты спортчу катыша турган Этноспор маданият фестивалынын ачылышы эртең болот.

1280870
Супер лиганын жылдыздары Этноспорт оюндарында...

Этноспорт толкундануусу Стамбулда башталууда.

16 өлкөдөн миң чакты спортчу катыша турган Этноспорт маданият фестивалынын ачылышы эртең болот.

«Ататүрк» аэропортундагы фестивалда 12 салттык спор тармагында көп сандаган мелдештер жана иш-чаралар уюштурулат.

Балдар болсо салттык оюндарды таануу мүмкүнчүлүгүн табат.

4-Этноспорт Маданият фестивалында Супер лиганын жылдыз оюнчулары да орун алышат.

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы тарабынан үстүбүздөгү жылдын урааны «Палоодон кайткандын кашыгы сынсын!» деп белгиленди.

Супер лигада жашыл талааларда бири-бирине атаандаш жылдыз футболчулар эртең фестивалда салттык жаа атууга катышып өнөрлөрүн бөлүшүшөт.

Фестивалга Галатасарай командасынын футболчулары Фернандо Муслера жана Радамел Фалкао, Фенербахчеден Эмре Белөзоглу жана Ведат Мурич, Медипол Башакшехирден Арда Туран жана Гөкхан Инлер менен мурдагы футболчулар Рыдван Дилмен, Огуз Четин, Рүштү Речбер, Толунай Кафкас, Хами Мандыралы, Мехмет Аурелио, Мустафа Доган, Огүн Темизканоглу, Айхан Акман жана Нихат Кахвежи да катышат.

Айрыкча Түркия Баскетбол федерациясынын башчысы Хидайет Түркоглу жана Галатасарай клубунун экинчи башчысы Адбуррахим Албайрак да фестивалда орун алат.

 



Тектеш кабарлар