Европанын 5 чоң лигасындагы оюндар

Еврпанын эң чоң 5 футбол лигасы катары кабыл алынган Англиянын Премьер-лигасы, Испаниянын Ла Лигасы, Италиянын Серия А лигасы, Германиянын Бундеслигасы жана Франциянын Лига 1инде аптанын акырында беттешүүлөр болду.

1279125
Европанын 5 чоң лигасындагы оюндар

Европанын эң чоң 5 футбол лигасы деп кабыл алынган Англия, Испания, Италия, Германия жана Франциядагы беттешүүлөр аптанывн акырында да уланды.

Еврпанын эң чоң 5 футбол лигасы катары кабыл алынган Англиянын Премьер-лигасы, Испаниянын Ла Лигасы, Италиянын Серия А лигасы, Германиянын Бундеслигасы жана Франциянын Лига 1инде аптанын акырында беттешүүлөр болду.

Премьер-лигада Ливерпуль атаандаш талаасында Шеффилд Юнайтедди 1-0 менен утуп алып 7 беттешүүсүнүн бардыгын уткан болду.

Ливерпуль лигадагы жеңиш сериасын 16, жеңилбестик сериасын болсо 24 беттешүүгө жеткирди.

Акыркы чемпион Манчечтер Сити, Евертон талаасынан 3-1 жеңиш менен чыгып тизменин башында орун алуусун улантты.

Чаглар Сөйүнжү форма кийген Лестер Сити, Ньюкасл Юнайтедди 5-0 эсебинде утту.

Бешикташтын УЕФА Европа лигасындагы атаандаштарынан бири Вулверхэмптон, Уотфордду 2-0 эсебинде утуп бул сезондо лигадагы жеңишине жетишти.

Манчестер Юнайтед-Арсенал беттешүүлөрү менен аяктай турган Премьер лиганын 7-аптасынан кийин 21 баллга жеткен Ливерпуль, Манчестер Ситинин 5 балл алдында лидерлигин улантты.

Бул эки командадан кийин 14 балл менен Лестер Сити жана 12 балл менен Вест Хэм Юнайтед орун алды.

Ла Лигада бир аптада экиден оюн болду.

Аптанын ичинде Осасунаны 2-0 менен уткан Реал Мадрид, дербиде Атлетико Мадрид менен голсуз теңме-тең чыкканына карабастан лидерлик орундугуна олтурду.

Атлетико Мадрид дербинн алдында болгон Малларко менен беттешүүсүн 2-0гө утту.

Валладолиддин талаасынан 1-1лик жыйынтык менен кайтакан Гранада, үйүндө Леганести 1-0гө утуп алып жогорулоосун улантты.

Аптанын ичинде тосуп алган Виллареалды 2-1ге уткан Барселона, Трабзонспордун УЕФА Европа лигасынын тайпасындагы атаандашы Гетафени 2-0гө утту.

Ла лиганын 7-аптасынын акырында баллын 15ке жеткирген Реал Мадрид, Гранада жана Атлетико Мадриддин бир балл алдында лидерликке жогорулады.

Серие Ада, Сампдориа талаасынан 3-1 жеңиш менен чыккан Интер, жолун жеңилүүсүз улантты.

Акыркы 8 жылдын чемпиону Ювентус, күйөрмандарынын алдында ойногон Спал менен мелдешин 2-0гө утту.

Медипол башакшехирдин УЕФА лигасындагы атаандаштарынан Рим болсо атаандаш талаасында Леккени 1-0 менен утту.

Серия Анын 6-аптасын 18 балл менен өткөн Интер, 16 балл менен Ювентус, 13 балл менен Атланта жана 12 балл менен Наполи орун алды.

Бундеслигада аптаны лидерлик менен баштаган Лейпзиг, Озан кабак формасын кийген Шалке 04кө 3-1 менен тулуп лигадагы алгачкы жеңилүүсүнө кабылды.

Акыркы чемпион Байерн Мюнхен атаандаш талаасында Падерборнду 3-2 эсебинде утту.

УЕФА Европа лигасында Медипль башакшехир менен бир группада орун алган Боруссия Мёнхенгладбах, Хоффенхаймдын талаасында оюнду 3-0 менен утту.

Бундеслиганын 6-аптасынын акырында 14 балл топтогон Байерн Мюнхенден кийин он үчтөн бал топтогон Лейпциг, Фрайбург, Шальке 04, Боруссия Менхенгладбах жана  Байер Леверкузен орун алышты.

Лига 1де Галатасарайдын УЕФА чемпиондор лигасындагы атаандаштарынан ПСЖ, Бордонун талаасынан 1-0 жеңиш менен чыкты.

Сезонду жакшы баштаган командалардан Анже өз талаасында Амьенс менен 1-1 теңме тең чыкты, Нант атаандаш талаасында Олимпик Лионду 1-0гө утту.

Юсуф Йызыжынын алгачкы 11де оюн талаасына чыккан беттешүүдө Лилль, Ницценин талаасында 1-1 болуп теңме тең чыкты.

Лига 1де 8-аптанын артынан баллын 18ге чыгарган ПСЖ, лидерлигин улантты. Анже жана Нант 16дан, Лилль 14 балл менен Париж командасынын артында орун алды.



Тектеш кабарлар