Ясемин Жан Токио-2020 оюндарына жолдомо алды

Улуттук атлет 5 миң метрге чуркады.

1211796
Ясемин Жан Токио-2020 оюндарына жолдомо алды

Алмаз лиганын үчүнчү этабында кыздар арасында 5 миң метрге жарышкан улуттук атлет Ясемин Жан, 2020-жылы өтүүчү Токио Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Швециянын баш калаасы Стокгольмдо уюштурулган этапта жарышка чыккан Ясемин Жан кыздар арасында 5 миң метрде 14.53.92 даражасы менен тогузунчу болду.

Улуттук атлет ушундайча 5 миң метрде олимпиадага жолдомо алды.

Бир тараптан эркектер арасында 200 метрде Рамил Гулиев 20.40 даражасы менен экинчи болду. Улуттук атлет Явуз Жан болсо эркектер арасында 400 метрдик улуттук аралаш жарышта 47.33 даражасы менен үчүнчү орунду ээледи.

Эркектер арасында 10 миң метрге жарышкан улуттук спортчулардан Али Кая 27.53.39 даражасы менен тогузунчу, Арас Кая да 28.49.21 даражасы менен 19чу орунду алды.



Тектеш кабарлар