Арсеналдын оюну Киевге алынды

УЕФА Европа лигасында Украина командасы Ворскла Полтава менен Британиянын командасы Арсеналдын ортосунда боло турган беттеш коопсуздуктан улам Киев шаарына алынды.

1096718
Арсеналдын оюну Киевге алынды

УЕФА Европа лигасында Украина командасы Ворскла Полтава менен Британиянын командасы Арсеналдын ортосунда боло турган беттеш коопсуздуктан улам Киев шаарына алынды.

УЕФАдан берилген маалыматта эки команданын ортосунда 29 -ноябрь бейшемби күнү Полтава шаарындагы Алексей Бутовский Ворскла атындагы стадиондо ойнолушу пландалган беттештин коопсуздук негизи менен беттеш боло турган жердин өзгөртүлгөндүгү белгиленди.

Маалыматта Орусия менен Украинанын ортосунда акыркы мезгилде болгон окуялардан кийин Украинада кээ бир аймактарда аскердик абал тууралуу чечимдин чыгарылгандыгы жана беттештин Украинанын борбор шаары Киевдеги олимпиада стадионунда ойнолору билдирилди.



Тектеш кабарлар