Орус футболчулар камоого алынды

Белгилүү футболчулар Александр Корокин менен Павель Мамаев камоого алынды.

1067691
Орус футболчулар камоого алынды

Орусияда акыркы күндөрдө чыгарган чыр  - чатагы менен күн тартибинен түшпөгөн белгилүү футболчулар Александр Корокин менен Павель Мамаев камоого алынды.

Зениттин голчусу Корокин менен Краснодар командасынын оюнчусу Мамаевдин өлкөнүн соода министрлигинин кызматкерлерине кол салгандагы көрүнүштөрү коопсуздук камералары тарабынан аныкталды.

Камерада Корокиндин Пакка стол ыргыткандыгы так түрдө көрүнгөн. 2 күндөн бери байкоого алынган футболчулардын камалуусуна чечим чыгарылды.

48 жолу улуттук курама команданын формасын кийген Корокин менен Мамаевдин 7 жылга жакын абак жазасын алышы мүмкүн экендиги белгиленди.

Өзгөчө эки футболчунун келишимдеринин клубдары тарабынан жоюлгандыгы да билдирилди.



Тектеш кабарлар