Түркияга дагы бир медаль

Италияда штанга боюнча Европа чемпионаты өтүп жатат.

1020775
Түркияга дагы бир медаль

Италиянын Милан шаарында уланган 15 жана 17 жашка чейинки спортчулардын арасында штанга боюнча Европа чемпионатында улуттук спортчу Энес Яшар коло медалга ээ болду.

Түркиянын штанга федерациясынын билдирүүсүндө, 17 жашка чейинки эркек спортчулардын арасында мелдешкен Энес Яшар 134 килограммды жулкуп көтөрүп коло медаль алганы белгиленди.  

Ал эми 153 килограмм салмакты силкип көтөргөн Энестин бул категорияда бешинчи, жалпы эсепте болсо 287 килограмм менен төртүнчү болгону билдирилди.

Түркия 4 алтын, 13 күмүш жана 14 коло медаль болуп жалпы 31 медалга ээ болду. Чемпионат эртеңки мелдештер менен уланат.



Тектеш кабарлар