Чемпион бүгүн белгилүү болот

Орусиянын борбор шаары Москвадагы «Лужники» стадионунда өтө турган беттешүү саат 18.00де башталат.

1012803
Чемпион бүгүн белгилүү болот

Орусияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында Бельгия Англияны 2-0 эсебинде жеңди жана дүйнө үчүнчүсү болду.

2018-жылкы Дүйнөлүк кубоктун чемпиону Хорватия менен Франциянын ортосунда бүгүн ойноло турган оюнда белгилүү болот.

Орусиянын борбор шаары Москвадагы «Лужники» стадионунда өтө турган беттешүү саат 18.00де башталат.

Футболдук таймашты аргентиналык калыс Нестор Питана башкарат.

Дүйнөлүк кубоктун финалында ойной турчу командалардан Франция үчүнчү жолу финалда беттешет. Тарыхында биринчи жолу финалга чыккан Хорватия болсо чемпион болууну каалап жатат.

 



Тектеш кабарлар