Аргентина кийинки турга өттү
Санкт-Петербургдун стадионундагы оюнду түрк калысы Жүнейт Чакыр башкарды.
1000977
Орусияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын «D» тайпасында Нигерия менен Аргентина беттешти.
Санкт-Петербургдун стадионундагы оюнду түрк калысы Жүнейт Чакыр башкарды.
Аргентина 14-мүнөттө Месси киргизген гол менен алдыга өттү. Нигерия 51-мүнөттө пенальтиден Мосестин киргизген голу менен оюнду теңдеди.
86-мүнөттө Аргентинанын экинчи голун Рожо киргизди.
Аргентина Нигенияны 2-1 эсебинде утуп алып, 4 баллы болгондуктан бир жогорку турга чыга алды. Нигерия болсо турнирден чыгып калды.