Орусияда дүйнө чемпионатынын күйөрмандары чиркейлер менен алпурушууда
Орусияга барган күйөрмандарды чиркейлер тынчын алып жатат.
Орусияда өтүп жаткан Дүйнөлүк кубок үчүн Москвага барган күйөрмандар, Волгоград стадионунун ичиндеги Волгоград айылында чиркейлер менен алпурушууда.
Өлкөлөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн Орусияга барган күйөрмандарды чиркейлер тынчын алса, аймакта жашаган эл да ошондой эле түрдө арызданууда.
Орус элинин жана күйөрмандардын дарыканада сатылган чиркей кубалагычтарга талабы чоң болгондуктан күйөрмандарга ушундай дары же шаймандар калбай калды.
Бул абал боюнча Москвада өзгөчө кырдаал жарыяланып чиркей кубалагычтарга заказ берилүүдө.
Дүйнөлүк кубокту уюштурган комитет, буга чейин тыюу салынган чиркей кубалагычтардын стадион жана тыюу салынган аймактарга киргизилиши мүмкүн экенин билдирди.
Билдирүүдө газдуу дарылардын болсо киргизилбей тургандыгы боюнча эскертилди.
Тектеш кабарлар
Бельгияда Израилге каршы бойкот акциясы
Гент, Брюссел, Антверпен, Левен жана Льеждеги университеттерде нааразылык акциялары уланууда.