Галатасарай-Рейер беттешүүсү

Чоң таймаш Түркия убактысы боюнча саат 21.00де башталат.

953122
Галатасарай-Рейер беттешүүсү

Түркиянын баскетбол боюнча Галатасарай кыздар командасы, ФИБА Европа кубогунун финалынын экинчи мелдешинде эртең Италиянын өкүлү Рейер менен беттешет.

Венециядагы «Талерчио» спорт залында өтө турган таймаш Түркия убактысы боюнча саат 21.00де башталат.

Галатасарай Стамбулда ойнолгон биринчи оюнда атаандашын 90-68 упай эсебинде жеңген болчу. Түрк командасы реванш оюнун жеңип же 22 упайдан дагы аз айырма менен утулган учурда кубоктун ээси болот.

Галатасарай турнирде ийгиликке жетишсе Түркияга үчүнчү Европа кубогун алып келет.

Түрк командасы 2008-2009-жылкы сезондо ФИБАнын Европа кубогун, 2013-2014-жылкы сезондо болсо ФИБАнын Европа лигасынын чемпиондугун алган болчу.



Тектеш кабарлар