Пхенчхан-2018 кышкы Олимпиадасы жабылыш аземи менен аяктады

Пхенчхан Олимпиада стадионунда өткөн жабылыш аземин 35 миң спортчу чогуу көрдү.

917920
Пхенчхан-2018 кышкы Олимпиадасы жабылыш аземи менен аяктады

Түштүк Кореяда өткөн Пхенчхан-2018 кышкы Олимпиада оюндары жабылыш аземи менен аяктады.

23-Кышкы Олимпиадалары үчүн убактылуу курулган Пхенчхан Олимпиада стадионунда өткөн жабылыш аземин 35 миң спортчу чогуу көрдү.

Иш-чарага Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин, Эл аралык Олимпиада комитетинин (IOC) төрагасы Томас Бах менен катар Түндүк Кореянын чалгындоо уюмунун төрагасы , генерал Ким Ен Чол, АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы жана кеңешчиси Иванка Трамп катышты.

Бий жана жарык нур шоу көрсөтүүсү менен башталган азем, оюндарда жарышкан спортчулардын стадионго келип трибинага салам бериши менен уланды.

Түркиянын улуттук командасынын атынан түрк желегин лыжалуу жарыш тармагында жарышкан Хамза Дурсун көтөрүп чыкты.

Корея маданиятын чагылдырган шоу көрсөтүлүшү жана «CL» деп билинген Lee Chae-rinин ырларынын ырдалышынан кийин 2022-жылы Кышкы Олимпиада оюндарына кожоюндук кыла турган Кытайдын борбор шаары Пекин олимпиада желегин өткөрүп алды.

Пхенчхан-2018 уюштуруу комитетинин төрагасы Ли Хе-Би жана Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бахтын ыраазычылык сөз сүйлөөлөрүнөн кийин EXO тобу сахнага чыкты.

Азем факелдеги олимпиада отунун өчүрүлүшүн улай нидерландиялык ди-джей Мартин Гарриктин чыгармачылыгы менен аяктады.



Тектеш кабарлар