Рогер Федерер дүйнөлүк деңгээлге жеткен эң картаң теннисчи болду

Швейцариялык теннисчи Рогер Федерер нидерландиялык Робин Хаасени  2 – 1ге жеңди.

912504
Рогер Федерер дүйнөлүк деңгээлге жеткен эң картаң теннисчи болду

Швейцариялык теннисчи Рогер Федерер  Роттердам жарым финалга катышып,  дүйнөлүк тизмеде эң жогорку деңгээлге чыккан эң картаң теннисчи болду. Турнирдин чейрек финалында беттешкен нидерландиялык Робин Хаасени  2 – 1ге жеңген 36 жаштагы Федерер испаниялык Рафаэль Надалдын ордун алды жана мында ийгиликке жетишкен эң картаң теннисчи катары тарыхка өттү.

Карьерасында жетишкен 20 grand slam чемпиондугу менен бул тармакта да рекордго жетишкен Рогер Федерер үчүн көрүүчүлөр узун убакытка кол чабышты.

Биринчи жолу 2004 -  жылдын февраль айында дүйнөдө биринчи болгон Федерер 2012 -  жылдын октябрь айынан бери эң жогорку деңгээлге чыга элек болчу. Швейцариялык теннисчи италиялык Андреас Сеппи   жана орус Данил Медведев беттешинин жеңүүчүсү менен жарым финалда беттешет. Андан мурда дүйнөлүк деңгээлге чыккан эң картаң теннисчи, 33 жашындагы америкалык мурунку теннисчи Андре Агасси болгон.



Тектеш кабарлар