Орусиялык спортчулар мелдештерден четтетилди
Дагы 5 спортчунун допинг колдонгондугу аныкталды
![Орусиялык спортчулар мелдештерден четтетилди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/bffb/6ff8/3cc3/5a1d076015ad2.jpg?time=1718424556)
Эл аралык Олимпиада комитети, 2014-жылкы Сочидеги Кышкы Олимпиада оюндарында допинг колдонгондору аныкталган орусиялык 5 спортчуну мелдештерден өмүр бою четтетти.
Маалымдалгандай скелет категориясында Сергей Чудинов, бобслей тармагында Алексей Негодайло менен Дмитрий Труненков, биатлондо Яна Романова менен Ольга Вилюхинанын Сочидеги Олимпиадалык оюндарда допинг колдондорунун себебинен спорттон өмүр бою четтетилди.
Билдирүүдө спортчулардын Олимпиадада ээ болгон сыйлыктары да кайра алынганы баса белгиленди. Сочиде аты аталган спортчулардан Негодайло менен Труненков алтын, Романова менен Ольга Вилюхина күмүш медалга ээ болушкан болчу.
Тектеш кабарлар
!["Тордун султандары" финалга катышууну гарантиялады...](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/384b/1882/6eee/666bd2eae5fb8.jpg?time=1718424557)
"Тордун султандары" финалга катышууну гарантиялады...
Түркиянын курама командасы өткөн жылы FIVB Улуттар Лигасында чемпион болушкан.