Кикбокс боюнча дүйнөлүк чемпионат башталууда
Чемпионатка 60 өлкөдөн 2 миң спортчунун катышуусу күтүлүп жатат
839889
Кикбокс боюнча дүйнөлүк чемпионат эртең Венгрияда башталат.
Түркиянын Кикбокс Федерациясынын билдирүүсүнө караганда, борбор шаар Будапештте өтө турган чемпионат 12-ноябрь дүйшөмбү күнү аяктайт.
Чемпионатка 60 өлкөдөн 2 миң спортчунун катышуусу күтүлүүдө.
Түркия чемпионатта K1 Rules, Low Kick, Full Contact, Kick Light, Light Contact жана Point Fighting категорияларында 106 спортчу менен күч сынайт.