Олимпиада факели Түштүк Кореяга тапшырылды
Пхенчхан 2018 Кышкы олимпиада оюндары 9 – 25 – февралда өткөрүлөт.
Өткөн жумада Грецияда жагылган 2018 Кышкы олимпиада оюндарынын факели олимпиада өткөрүлө турган Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарына карай жүргүнчүлүктү баштоо максатында жетекчилерге тапшырылды.
Грецияда бир жума жалпы өлкөдө 2 миң 129 километр жол жүргөн факел Пхенчхан стадионунда өткөрүлгөн азем менен жаңы жолчулугун баштоо үчүн түштүк кореялык жетекчилерге берилди. Пхенчхан олимпиада комитетинин төрагасы Lee Hee-beom аземде сүйлөгөн сөзүндө : «Дүйнөгө Пхенчхандан салам берүүгө даярбыз. Пхенчхан 2018 олимпиада оюндарынын арасында тынчтык жана шайкештиктин символу болот»,- деди.
Түштүк Кореялык муз тебүүчү Ким Ки хуунга тапшырылган факел бүгүндөн баштап 101 күн 2 миң 18 киломтер жол жүрүп Кышкы олимпиада оюндары өткөрүлө турган Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарына алып барылат. Пхенчхан 2018 Кышкы олимпиада оюндары 9 – 25 – февралда өткөрүлөт.