Бокс таймашын жеңгенге 3360 алмаз менен кооздолгон бел боо берилет

Лас-Вегаста өтө турган таймаштын жеңүүчүсүнө өтө кымбат баалуу сыйлык даярдалып жатат

796485
Бокс таймашын жеңгенге 3360 алмаз менен кооздолгон бел боо берилет

Дүйнөлүк бокс кеңеши, АКШлык мушкер Флойд Мэйвезер менен ирландиялык аралаш мушкер Конор Мак Грегордун ортосунда эртең өтө турган таймаштын жеңүүчүсү үчүн өзгөчөлөнгөн сыйлык даярдады.

Эки мушкердин ортосунда эртең Лас-Вегаста өтө турган таймаштын жеңүүчүсүнө өтө кымбат баалуу сыйлык даярдалып жатканы белгиленди.

Маалымдалгандай жеңүүчүгө жарым килограмм 24 караттык алтын, үч миң 360 бриллиант, 600 сапфир, 160 зумруд колдонулган бел боо берилет. Зумруд түсүнө боелгон бел боо айрыкча крокодилдин терисинен жасалды.

Мэйвезер буга чейин да филиппиндик Мэнни Пакьяону жеңип 1 миллион доллар наркындагы зумруд курга ээ болгон болчу.



Тектеш кабарлар