Рыза Каяалп алтын медалга ээ болду

Президент Режеп Тайип Эрдоган менен жаштар жана спорт министри Осман Ашкын, улуттук күрөшчүнү куттукташты

795038
Рыза Каяалп алтын медалга ээ болду

Күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта грек-рим стили боюнча 130 килограмм салмакта Рыза Каяалп алтын медалга ээ болду.

Франциянын борбор шаары Парижде өтүп жаткан чемпионаттын экинчи күнүндө улуттук күрөшчү, грек-рим стили боюнча 130 килограммдын финалында эстониялык Хейки Наби менен таймашты.

Акыркы дүйнө чемпиону Рыза, Парижде да биринчиликти эч кимге тарттырган жок.

Улуттук күрөшчү грек-рим стилинин акыркы мелдешинде Набини 2-1 эсебинде жеңип, удаама-удаа 2чи, жалпы эсепте болсо 3чү жолу дүйнө чемпиондугуна жетишти.

Президент Режеп Тайип Эрдоган менен жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бак, финал беттешүүсү аяктаары менен телефон аркылуу байланышып Каяалпты куттукташты.



Тектеш кабарлар