Бешикташтын атаандашы белгилүү болду
Чүчүкулак тартуунун жыйынтыгы
693741
Түркиянын Бешикташ командасы УЕФА Европа лигасынын чейрек финалында Франциянын өкүлү Олимпик Лион менен беттешет.
Чүчүкулак тартуунун жыйынтыгы төмөнкүчө:
Андерлехт (Бельгия) - Манчестер Юнайтед (Англия)
Сельта (Испания) - Генк (Бельгия)
Аякс (Нидерландия) - Шальке (Германия)
Олимпик Лион (Франция) - Бешикташ (Түркия)
Бешикташ чейрек финалдагы биринчи мелдешин 13-апрелде атаандаштын талаасында, реваншты болсо 20-апрелде өз талаасында өткөрөт.
Жарым финалдар 4-май жана 11-майда, финал беттешүүсү болсо 24-майда Швециянын борбор шаары Стокгольмдо ойнолот.