Түрк командалары мелдештерин улантып жатышат

Эртең баскетбол боюнча мелдештер өтөт

682275
Түрк командалары мелдештерин улантып жатышат

Түрк командалары Түрк аба жолдору Европа лигасындагы мелдештерин улантып жатышат.

Түркиянын баскетбол боюнча Галатасарай Одеабанк командасы лиганын 24-жумадагы мелдешинде эртең Испаниянын өкүлү Реал Мадридди тосуп алат.

Мелдеш Стамбулдагы «Абди Ипекчи» спорт залында саат 20.45те башталат.

Галатасарай Одеабанк лигада 15-орунда турса, Реал Мадрид болсо лидер абалында.

Лигада дагы бир түрк командасы Фенербахче болсо эртең атаандаштын талаасында Литванын Жальгирис Каунас командасы менен беттешет.

Жальгирис Аренада өтө турган мелдеш саат 20.00да башталат.

Фенербахче лигада 4-орунду ээлесе, Жальгирис Каунас 10-орунда турат.



Тектеш кабарлар