Фенербахче-Краснодар беттеши

Футболдук мелдеш саат 20.00да башталат.

677679
Фенербахче-Краснодар беттеши

Түркиянын Фенербахче командасы бүгүн Европа лигасынын реванш оюндарында Орусиянын Краснодар командасы менен беттешет.

Футболдук мелдеш Стамбулдагы «Үлкер» стадионунда саат 20.00да башталат.

Фенербахче орус командасын 1-0 эсебинде жеңсе мелдеш узартылат. Түрк командасы атаандашын жок дегенде 2 айырма менен утушу керек.

Фенербахче-Краснодар беттешинен өткөн команда, УЕФА Европа лигасында акыркы 16 команданын арасына кирет.

Ал эми УЕФА Европа лигасынын финал мелдеши, 24-майда Швециянын Стокгольм шаарындагы 50 миң кишилик «Friends Arena» стадионунда өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар