Барселона Парижде утулду
УЕФА чемпиондор лигасында акыркы 16га калган командалардын мелдеши 2 оюн менен башталды.
Европа футболунун клубдар деңгээлиндеги бир номердүү уюштуруусу УЕФА чемпиондор лигасында акыркы 16га калган командалардын мелдеши 2 оюн менен башталды.
Француз командасы Парис Сен-Жермен Парк де Пренсте Испаниянын өкүлү Барселонаны тосуп алды.
Париждин командасы 18-мүнөттө А́нхель Фабиа́н Ди Мари́янын эркин тебүүдөн киргизген голу менен 1-0 алдыга өттү. Парис Сен-Жермен 40-мүнөттө Жулиан Дракслердин киргизген голу менен оюндун биринчи жарымын 2-0 менен бүтүрдү.
Оюндун 55-мүнөтүндө Ди Мария 20 метрден тээп киргизген голу менен 3-0 алдыга өтсө, 72-мүнөттө Эдинсон Гавани бир гол киргизип оюн 4-0 менен бүттү.
Кеченин берки оюну Португалиянын Бенфика командасы менен немистердин Боруссия Дортмунд командасынын ортосунда Лиссабондо болду. Оюнду Бенфика 1-0 менен утуп алды. Бенфиканын голун 48-мүнөттө Костас Митроглу киргизди.
Чемпиондор лигасында барселона менен ПСЖ жана Боруссия Дортмунд менен Банфиканын ортосундагы реванш оюндары 8-мартта болот.
Бүгүн болсо саат 22:45те дагы 2 оюн болот. Акыркы чемпион Испаниянын өкүлү Реал Маррид, Италиянын өкүлү Наполини тосуп алат.
Германиянын өкүлү Байерн Мюнхен болсо Англиянын командасы Арсенал менен беттешет.