ФИФАнын сыйлыктары тапшырылат

Сыйлыктар 2016-жылдын мыктыларына ыйгарылат

643001
ФИФАнын сыйлыктары тапшырылат

Футболдо 2016-жылдын эң мыктылары белгилене турган сыйлык тапшыруу аземин актриса Ева Лонгория менен теле алып баруучу Марко Шреиль алып барат.

2016-жылдын мыктылары 9-январда Швейцариянын Цюрих шаарында өтө турган аземде сыйлыктарын алышат.

Француз баскетболчу Тони Паркердин жубайы америкалык актриса Ева Лонгория «Үмүтсүз кожойкелер» аттуу сериал менен атагы чыккан болчу. Немис алып баруучу Марко Шреиль болсо Германияда «Поп-Идол» жана «Таланттар сынагы» сыяктуу программаларды алып барган.

Аземде кыздар менен эркектер арасында жылдын мыкты футболчусу, ошондой эле мыкты машыктыруучу менен катар калыс оюн, күйөрман, мыкты гол жана эң мыкты 11 футболчу категорияларында сыйлыктар тапшырылат.



Тектеш кабарлар