Түрк командасынын атаандаштары белгилүү болду

Түркия кайсы өлкөлөр менен ойнойт?

617510
Түрк командасынын атаандаштары белгилүү болду

Түркиянын А Улуттук кыздар командасынын CEV-2017 Европа чемпионатынын финалдарындагы атаандаштары белгилүү болду.

Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлгөн чүчүкулактын жыйынтыгында Түркия «С» тайпасында Орусия, Болгария жана Украина менен ойнойт.

Түрк командасы тайпалар арасындагы мелдештерин Бакуда өткөрөт.

Азербайжан менен Грузия биргелеше уюштура турган чемпионат 2017-жылы 20-сентябрдан 1-октябрга чейин болот.

Финалдарда тайпалар төмөнкүчө түзүлдү:

«А» тайпасы (Баку):

Азербайжан, Германия, Польша, Венгрия

«Б» тайпасы (Тбилиси)

Грузия, Италия, Хорватия, Беларусь

«C» тайпасы (Баку):

Орусия, Түркия, Болгария, Украина

«Д» тайпасы (Гянджа / Гёйгёль):

Сербия, Нидерландия, Бельгия, Чехия



Тектеш кабарлар