Мелек Ху күмүш медалга ээ болду

Стокгольмдо стол тенниси боюнча ачык турнир өттү

614968
Мелек Ху күмүш медалга ээ болду

Улуттук спортчу Мелек Ху, Швециядагы стол тенниси боюнча ачык турнирде күмүш медалга ээ болду.

Эл аралык стол тенниси федерациясы тарабынан Швециянын борбору Стокгольмдо өткөрүлгөн кыздар арасындагы мелдештин финалында Мелек Ху менен япониялык теннисчи Касуми Ишикава беттешти.

Түрк спортчу атаандашына 4-1 эсебинде утулуп калып күмүш медалга ээ болду.

Мелек Ху өткөн айда Венгрияда өткөрүлгөн Европа чемпионатында кыздар арасында алтын медалга ээ болуп, Түркияга бул категорияда биринчи жеңишин алып келген болчу.



Тектеш кабарлар