Түркия-Косово беттешин венгер калыс башкарат

Футболдук таймаш Антальяда өтөт

605514
Түркия-Косово беттешин венгер калыс башкарат

Түркиянын А Улуттук курама командасы Дүйнөлүк кубок-2018дин Европа тандоолорунун «I» тайпасында 12-ноябрь жума күнү Косово менен беттешет. Оюнду Венгриянын Футбол Федерациясынан Тамас Богнар башкарат.

Түркиянын Футбол Федерациясынын интернет барагындагы билдирүүгө караганда, улуттук команданын Анталья стадионунда саат 20.00да Косово менен өткөрө турган мелдешинде Богнардын жардамчылары болсо Жолт Варга менен Балаш Бузаш, ал эми төртүнчү калысы болсо Ференц Карако болот.



Тектеш кабарлар