Түрк командалары бүгүн чоң таймаштарга чыгат

Футболдук мелдештер саат 21.00 жана 23.05те башталат

602815
Түрк командалары бүгүн чоң таймаштарга чыгат

УЕФА Европа Лигасында түрк командалары бүгүн чоң таймаштарга чыгат.

Фенербахче Англиянын өкүлү Манчестер Юнайтедди тосуп алат.

Саат 21.00де баштала турган футболдук таймаш ТРТ-1 жана ТРТ Радио-1ден түз берилет.

Европа Лигасындагы Түркиянын дагы бир өкүлү Османлыспор Испаниянын Вильярреал командасы менен атаандаштын талаасында беттешет.

Атикер Коньяспор да Португалиянын Брага командасы менен атаандаштын талаасында ойнойт.

Саат 23.05те баштала турган бул эки беттеш ТРТ Радио-1ден түз ободо берилет.



Тектеш кабарлар