Түрк командасынын ийгилиги

Фенербахче менен Фейеноорд беттешти

579968
Түрк командасынын ийгилиги

Түркиянын Фенербахче командасы УЕФА Европа Лигасынын «А» тайпасындагы оюндардын экинчи жумасында Нидерландиянын Фейеноорд командасын 1-0 эсебинде жеңип алып, тайпасында лидер болду.

Стамбулдагы «Үлкер» стадионунда өткөрүлгөн беттештин биринчи жарымы Эммануэль Эменикенин 18-мүнөттө киргизген голу менен 1-0 эсебинде аяктады.

Ал эми экинчи  жарымда болсо бир канча мүмкүнчүлүктөн пайдалана албаган Фенербахче чоң айырма кыла алган жок.

Ушундайча футболдук мелдеш 1-0 эсебинде аяктады.



Тектеш кабарлар