УЕФА Европа лигасы матчтары
Османлыспор Эстониянын командасы Нымме Кальюну 1 – 0гө жеңип алды
УЕФА Европа лигасынын үчүнчү алдыңкы тандоо турунун биринчи матчтары 29 беттешүү менен аяктады.
Спор Тото Супер лигасынын өкүлү Медипол Башакшехир Хорватиянын командасы Риека менен 0 – 0гө барабар болду. Башка түрк командасы Османлыспор болсо Эстониянын командасы Нымме Кальюну 1 – 0гө жеңип алды.
Түрк калыс Мете Калкаван башкарып жана эки командага да бирден пеналты чечими чыгарылган мачта Англиянын өкүлү West Ham Unitedга атаандаштын талаасында Словения командасы Домзалеге 2 – 1 эсебинде утулду.
Австриянын командасы Адмира Ваккер тосуп алган чех атаандашы Слован Либереске 2 – 1ге жеңилген беттешүүдө түрк калыс Халис Өзкахя 55 - минутада стадиондогу электрдин үзгүлтүккө учурашы менен беттешүүнү жарым саатка жакын токтотту. Айрыкча Өзкахя үй ээси команданын футболчусу Вастиске кызыл карточка көрсөттү.