Жеңил атлет Ясемин Европа чемпиону

Ясемин Жан аялдар 10 миң метрде алтын медалга жетишти

525073
Жеңил атлет Ясемин Европа чемпиону

Европа атлетизм чемпиондугунда улуттук спортсмен Ясемин Жан аялдар 10 миң метрде алтын медалга жетишти. Голландиянын борбор шаары Амстердамда өткөрүлгөн Европа атлетизм чемпиондугунда күндүн акыркы жарышында аялдар 10 миң метрге чуркоо болду. Кения тектүү 20 жаштагы улуттук жеңил атлет Ясемин Жан чуркоодо биринчи болуп алтын медалдын ээси болду.

Жарышта  португалиялык Делуже Феликс экинчи, норвегиялык Беркели Каролина Гровдал болсо үчүнчү орунду алды.



Тектеш кабарлар