Футбол боюнча Европа чемпионаты
Чемпионатта кечээ үч оюн ойнолду
511849
Францияда уланып жаткан футбол боюнча Европа чемпионатында кечээ 3 оюн ойнолду. Жыйынтыгы төмөнкүчө:
«А» тайпасында
Румыния 1-1 Швейцария
Франция 2-0 Албания
6 балл менен лидер болгон Франция акыркы 16 командага кошулууну гарантиялаган биринчи команда болду.
«Б» тайпасында
Орусия 1-2 Словакия
Чемпионатта бүгүн 3 оюн ойнолот. Программасы төмөнкүчө:
«Б» тайпасында
Саат 16.00да Англия менен Уэльс беттешет. Футболдук таймаш TRT-1 каналынан түз көрсөтүлөт.
«С» тайпасында
Саат 19.00да Украина менен Түндүк Ирландия ойнойт. Мелдешти ТРТ Спорт каналынан түз эфирде көрө аласыздар.
Саат 22.00де болсо Германия-Польша беттешин TRT-1 каналы түз алып көрсөтөт.