Түрк спортчулар тхэквондо боюнча Европада чемпиондукка жетишүүдө

Чемпионаттын үчүнчү күнүндө; Ирем Яман алтын, Нур Татар жана Юнус Сары күмүш медалга ээ болушту.

495592
Түрк спортчулар тхэквондо боюнча Европада чемпиондукка жетишүүдө

Европанын Тхэквондо чемпионатында түрк спортчулар чоң  ийгиликке жетишүүдө.

Чемпионаттын үчүнчү күнүндө; Ирем Яман алтын, Нур Татар жана Юнус Сары күмүш медалга ээ болушту.

Швейцариянын Монтро шаарында уюшулган 22-Европа Тхэквондо чемпионатынын үчүнчү күнүндө айымдарда 62 жана 67, эркектерде болсо 74 жана 80 кг салмактагы таймаштар өттү.

Айымдарда 62 кг салмакта татамиге чыккан Ирем Яман, француз атаандашы Магда Виэт Эненди финалда 5-0 эсебинде утуп Европа чемпиону болду.

Айымдар 67 кг салмактагы Нур Татар, финалда Улуу Британиядан Лорен Уильямс менен беттешти. Таймаш 3-3 тең болуп турганда таймаштын калыстары акыркы секундда Лаурен Уильямска берилген жазанын туура эмес болгонун жарыялап, андан жазаны алып Нур Татарга берди жана спортчу таймашта 4-3 эсебинде утулуп күмүш медаль алды.

Эркектер 80 кг салмакта татамиге чыккан Юнус Сары да, финалда азербайжандык атаандашы Милад Беиги Харжхеганиге 5-0 эсебинде утулуп күмүш медаль алды.

Чемпиоундуктун акыркы күнүндө 5 түрк спортчусу татамиге чыгат. Эркектер 87 кг салмакта Сердар Йүксел, 87 кг салмактан жогоркуларда Каан Кылыч, айымдар 73 кг салмакта Шейма Нур Сөгүт менен Эбру Йүмлү жана 73 кг салмактан жогоркуларда Надия Куш медаль үчүн күч сынашат.



Тектеш кабарлар